Тагдырдын оор сыноосуна кабылган Назгүл Бектурова жеке турмушундагы жаңылуулары, учурдагы оор абалы тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
Ал эки ирет турмуш куруп, 2 күйөөсү тең балдарынан баш тартып кетишкен.
"Алгач турмушка чыгып бактылуу жашап жатканбыз. Бир жылдан кийин Жаныбек аттуу уулдуу болдук. Бирок кубанычыбыз, бактыбыз көпкө созулган жок. Балабыз оорулуу болуп төрөлгөндө атасы карабай кетип калды. Ал азыр 650 сом алимент төлөп турат. Жаныбек 14 жашка чыкты. Талмасы бар, буту да баспайт. Операция жасатууга каражат чогултуп баштаган элем. Дарыгерлер операцияны көтөрө албайт деп макул болбой коюшту. Мындан ары операция үчүн каражат чогултпай калдым, анткени балам аман-эсен жанымда турсун дедим. 14 жыл бою жонума көтөрүп жанынан чыкпай карап жатам. Акыл эси, сүйлөгөнү өз орду менен. Болгону күн сайын талмасы кармап кыйналат", - деп билдирди Бектурова.
Назгүл Бектурова Балыкчы шаарынын тургуну. Ал азыр 35 жашта. Уулу Жаныбек менен бир тууган инисинин үйүндө жашап, тиричилигин өткөрүп келет. Жолдошу менен ажырашкандан 10 жыл өтүп кайрадан турмушка чыккан. Ал күйөөсү экөө бала күтүп, көз жарганда үй-бүлөлүк келишпестиктер себеп болуп эки ажырым жолго түшкөн.
"Учурда эки балам менен бир тууганымдын үйүндө анын тапканын жеп жашап жатам. Жаныбектин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендиги үчүн мамлекеттен 3 миң сом пенсия алам. Ал акчанын жарымынан көбү дары сатып алууга кетет. Айрым учурларда дарыга акча таппай калган кездер болот. Турак жай салууга жерим да жок. Келечектеги жашоо туман болуп турат", - деп кошумчалады ал.
Буга чейин Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды багып жаткан ата-энелерге ай сайын 5000 сомдон акча төлөп туруу жөнүндөгү долбоордун жобосун иштеп чыккандыгы маалымдалган.
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери, негизинен апалары жумушка орношууга мүмкүнчүлүгү жок. Анткени баласы анын кароосуна муктаж. Буга байланыштуу мындай балдары бар үй-бүлөлөр турмуш-тиричиликтен бир топ кыйналат. Ушул көйгөйлөрдү эске алып, балдардын апаларына ай сайын 5000 сомдун тегерегинде акча төлөө жөнүндөгү долбоордун жобосу иштелип чыкты", - деп билдирген министрликтин маалымат катчысы. Аталган долбордун ишке ашар-ашпасы тууралуу сөз кылуу азырынча эрте.