"Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы көчө бул жылы да оңдоодон өтпөйбү?" - деп суроо салат окурман.
Окурмандын бүгүн, 22-июлдагы билдирүүсүнө ылайык, аталган көчөнүн абалы тургундарга, өзгөчө унаа айдагандарга ыңгайсыздык жаратууда.
"Бул Оштогу ири эле көчөлөрдүн бири. Бирок жараксыз абалга келди. Күз жакындап калды, бул жылы да оңдолбойбу?" - дейт ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.