Орусиядагы жол кырсыгынан каза болгон 22 жаштагы келин Кыргыз жараны экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, каза болгон келин 1995-жылы туулган Алтынай Салиева аттуу Кыргыз жараны болгон. Анын жансыз денесин кечээ, 21-июль күнү туугандары алып кетишкен.
Айта кетсек, жол кырсыгы 19-июль күнү Москва шаарынын Ленинград шоссесинде катталган. Анда эки жеңил унаа сүзүшүп, унаалардын биринин ичиндеги кош бойлуу келин каза тапкан. Келиндин 7 айлык кош бойлуу экени белгилүү болгон.
Буга чейин каза болгон келиндин 22 жаштагы Кыргыз жараны экени айтылган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине кайрылганыбызда, келиндин жарандыгы такталып жатканын билдиришкен болчу.