"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Оштогу Мады, Фуркат, Озгур айылдарына кетчү каналды тазалоо максатында суу берүү токтотулган

Оштогу Мады, Фуркат, Озгур айылдарына кетчү каналды тазалоо максатында сугат суу берүү токтотулган. Мындай маалыматты бүгүн, 27-июлда SUPER.KG порталына Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Нурлан Абдраев билдирди.

"Мады, Фуркат, Озгур, Шарк, Беш-Мойнок айылдарын аралап өткөн каналдын узундугу 40 чакырымга созулат. Бул канал жаз алды менен тазаланган. Андан бери бир канча жолу сел келип, ылай суулар акты. Ошондуктан каналды тазалоо максатында сугат суу берүү токтотулган. Өз кезегинде жергиликтүү ӨКМнын адистери менен биргеликте тазалоо иштери жыйынтыкталып, элге суу берилди. Бүгүнкү күндө суу боюнча көйгөйлүү маселе жок", - деп билдирди Абдраев.

Эске салсак, буга чейин окурман "Элдик кабарга" "3 күндөн бери суу жок" деп кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adimyrza
2017-07-27 16:37:03
Элге суу керек маалында токтотуп тазалаш шарт да а силер честный иштейсинер тушунобуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан