Кадыр Маликов: "Жаштардын билим деңгээлинин төмөн болушу радикалдашуунун негизги фактору болуп саналат"

Бүгүн, 27-июль күнү Бишкек шаарында “Борбор Азия жана Орусиядагы мусулман жаштарынын интеллектуалдык өнүгүүсүндөгү перспективалар жана чакырыктар” аттуу темага арналган тегерек стол өттү.

Талкууга Кыргыз, Орусия, Казакстан, Түркия, Иордания өлкөлөрүнүн эксперттери, аалымдары, дин изилдөөчүлөрү жана диний билим берүүчү мекемелердин өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын уюштуруучусу “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов жаштардын радикалдашуусунун себептерин, аны алдын алуу чаралары тууралуу маалымдады.

"Мусулман дүйнөсүндө учурда кризис жүрүп жатат. Жаштардын билим деңгээли төмөн болгондуктан ислам дининде ар кандай агымдар бар экенин билбегендиктен радикалдашуу чыгууда. Биздин максат жаштардын арасында интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүнө багытталган иш-чараларды көбүрөөк өткөрүп, коомдогу диний түшүнбөстүктөрдү жоюуга багытталган", - деди Маликов.

Тегерек стол кызуу өтүп, катышуучулар радикализмге каршы өз сунуштарын билдиришти.

"Тегерек столдун алкагында өлкөбүздүн аймактарынан жана чет өлкөлүк диний лидерлер чакыртылды. Алардын маанилүү маселелер боюнча бирдей көз караштары өлкөлөрүбүздү тынчтыкка жана стабилдүүлүккө алып келишин күтөбүз”, - деп кошумчалады аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
shalpak
2017-07-28 14:41:52
арабдын акчасына сатылып, арабдын сөзүн сүйлөгөн Кадыр Маликов
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан