Аида Салянова агасын маркум Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө тиешеси жок дейт

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова агасы Калыбек Элтуйбасовду маркум Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө тиешеси жок деп эсептейт. Депутат мындай пикирин 27-июлда "Ата Мекендин" мүчөлөрүнүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Калыбек Элтуйбасов менин бир тууган агам эмес, атамдын иниси болот. Анын Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө тиешеси жок. ИИМ эмне үчүн катыштыгы бар деп эмес, ал саунадагы видеокамераларга тартылып калган тасмаларды өчүрүп салып, иликтөөгө тоскоолдук жараткан деген негизде камакка алуу чечимин чыгарып жатат? Тиешеси болсо, агам тасманы өчүрмөк эмес, укук коргоо органдары өздөрү өчүрүп койгон болушу мүмкүн. Бийлик адам өлүмүн саясатка аралаштырып, ыплас иштерди жасап жатат. Мындай болбошу керек", - деп жооп кылды Салянова.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган. К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1500дөй киши суракка алынган. Ал эми Салянованын агасы кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылып келет. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө "маркум Дүйшөбаеванын өлүмүнө катыштыгы бар болушу мүмкүн" делип, айрым белгилүү адамдардын ысымдары айтылган. ИИМ тараткан маалыматтарда, алардын арасында "Мекен шейиттери" уюмунун мурунку жетекчиси Осунбек Жамансариев жана Аида Салянованын аталаш тууганы Калыбек Элтуйбасовдордун да аттары бар. Тергөөнүн жүрүшүндө "аты аталган адамдар менен маркум кыз курбусу экөө Бишкектеги сауналардын биринде жолугушкан" деген жүйөлөр келтирилген. Милиция Элтуйбасовго издөө жарыялап, "ошол саунадагы видеокамераларга тартылып калган тасмаларды өчүртүп салган" деп шектөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ady-88
2017-07-27 17:24:32
Тийшесеи жок болсо эмнеге качып журот.
+12
jazira17
2017-07-27 17:53:08
ady-88,бирок куносу жоктор деле качат го,а то кармап кунолусун деп эле камап койушат го
-7
raykray
2017-07-27 18:05:16
Ушул кыздын олумун ушунчалык табышмак кылып жатышат, кудайдан коркпогондорун
+7
taalay25
2017-07-27 18:15:55
Саунада айланасынбы анда жаш кыз менен!
+4
Hadyja
2017-07-27 18:38:24
Куноокорлор табылбайт болуш керек.
Себеби жонокой эркек анан кыз болуп калса бир жон эле.
Бул жакта чондор,алар мн чогуу жургон жаш кыз.Ким ким мн суйлошуп?Эмнеге журушконун,ошол жолду озулору тандаган.
Мнеси болсо да Кудай Озу Кечирсин!Жаш кыздарга ыйман,улуу эркектерге Ынсап Берсин!
0
Aitunuk
2017-07-27 21:15:04
Бул кыздын өлүмү боюнча тергөө башталганда Аида Салянова прокурор эмес беле, демек, видио жазуу, сауна тууралу маалымат ошол учурда эле болгон да, азыр өлүмүш болуунун зарылы жок. "Көп баскан аяк бок басат" дегендей кеп да. Кызы менен(образдуу айтканда) кантип саунада жүрөт десең, адамдан ыйман-ынсаптын кеткени ушул да.
+4
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-28 11:07:08
Куноосу жок болсо эмне учун ген прокурор болуп турганызда актап чыгарып койо алган эмессиз Курманжан даткадай болуп куноосу болсо соттоп каматканында эл сиз учун айагына чейин турмак
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан