Жалал-Абадда жапайы өскөн кара куурай жок кылынууда

Жалал-Абадда 30-июлга чейин "Кара куурай" аталышындагы операция жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ноокен районунун талааларында жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу үчүн атайын жумушчу бригада түзүлүп, жок кылуу иштери жүргүзүлгөн.

"Ноокен районунда жалпысынан 6 гектардан ашуун жерде кара куурай өскөн. Буга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги, айыл өкмөтү жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте талаада өскөн кара куурай орулуп, өрттөлүп жок кылынды", - деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад облусу боюнча баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Саламат Талипов мындан кийинки иш-чара Кара-Көл, Токтогул райондорунда болорун айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан