"Ватиканда кургакчылыктан улам 100гө жакын фонтандар өчүрүлдү. Бул Италиянын тарыхындагы алгачкы кургакчылык", - деп жазылат чет элдик маалымат булактарында.
"Биз билгенден фонтандарды өчүрүү биринчи жолу болуп жатат. Буга чейин Римде суу ар дайым жетиштүү болуп келген. Ватикандагы эң кооз бактар мурдагыдай жапжашыл болбой калышы мүмкүн, бирок аларды кууратпайбыз", - деп билдирген Ватикандын расмий өкүлү Грек Берк.
Ватикан мындай чечимди Италиянын айрым аймактарында кургакчылык болот деген эскертүүсүнөн кийин кабыл алган. Эгер Ватикан мындай кадамдарга барбаса, суунун запасы түгөнүп жаткандыгына байланыштуу жарым миллиондой адам суусуз калары айтылган.
БУУнун маалыматына ылайык, суу ресурстарынын жетишсиздиги дүйнө калкынын 40 пайызына таасирин тийгизет. Планетадагы 783 миллион жашоочуга таза суу жеткиликтүү эмес, ХXI кылымдын жарымында суунун туруктуу жетишсиздигинен кыйналган адамдардын саны 4 миллиардга жетет.
"Суу жер жүзүнүн 70 пайызын ээлейт. Бирок анын 3 пайызы гана ичүүгө пайдалануучу суу болсо, анын көп бөлүгү мөңгүлөр", - деп жазылат БУУнун маалыматында.