Базарда эксперимент жасоо үчүн жарадар болгон сыяктуу түр көрсөткөн видеонун авторлору 15 жаштагы окуучулар болуп чыкты

25-июль күнү саат 16:00 чамасында Бишкектеги "Дордой" базарында бычак сайылып жерге жатып калган кыздын видеосу интернетке тараган. Окуя элдин көңүлүн бурдуруу үчүн атайын уюштурулганы аныкталган. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморов бүгүн, 27-июлда видеонун авторлору кармалганын, алар 15 жаштагы мектеп окуучулары болуп чыкканын SUPER.KG'ге кабарлады.

"Видеонун авторлору Бишкектеги мектептердин биринде окуган 15 жаштагы кыз жана эркек бала болуп чыкты. Алар кечээ, 26-июлда кечинде кармалып, эмне максатта бул ишке барышканын айтышты. Окуучулар социалдык эксперимент жүргүзүп, "жарадар" болгон кызга элдин реакциясын билүүнү көздөшкөн экен. Кармалгандарга эскертүү берилип, материалдар алар жашаган аймактагы жашы жете элек балдар менен иштеген комиссияга өткөрүлдү. Кармалгандар 16 жашка толбогондуктан эскертүүдөн башка чара көрүлбөйт", - деди Оморов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Taalaibek.
2017-07-27 21:12:24
Видеосу кайда?
+1
aza84
2017-07-28 02:55:30
Актриса экенда
0
Lewa90
2017-07-28 03:01:31
мм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан