Бүгүн, 27-июлда мамлекеттик тил боюнча тест тапшырган президенттикке талапкерлер сынактан өттү. Бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
Рита Карасартова, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камила Шаршакеева мамлекеттик тилди билүү боюнча сынак тапшырышкан. Жыйынтыгында Карасартова 86 балл, Дегенбаев 89,5 балл, Султанидинов 60,35, Шаршакеева 80,9 балл алышты. Аталган талапкерлерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билерин тастыктаган сертификаттар тапшырылды.
Алар "Кыргызтест" системи боюнча 4 бөлүктөн турган тестирлөөдөн өтүштү. Анда кыргыз тили боюнча лексика-грамматика, угуу, окуу жана сүйлөөнү текшерүү каралган.
Талапкерлердин мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруусу кечээ, 26-июлда башталып, бир күндө төрт талапкер тестирлөөдөн өтүп турмакчы.