Суусамырдын жайыттарын каптаган алтыгана, караган тикенеги жылдан-жылга жайылып баратат

Суусамыр өрөөнүндө акыркы жылдары алтыгана тикенектүү өсүмдүгү көбөйүп, жайыт талааларын каптап келе жатканын былтыртан бери кооптонуу менен коңгуроо кагып келебиз. "Супер-Инфо" гезити бул маселе боюнча 2016-жылы Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыт комитетинин директору Уланбек Төрөгелдиевге кайрылганда, маселени колго алып, алдынкы жылдары пайдасыз өсүмдүк менен күрөшүү жүрөрүн билдирген. Анткен менен маселе чакан жыйындарда жана Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин отурумунда да каралып, бирок жыйынтыктуу чара көрүлө элек. Мунун башкы себеби - каражаттын жоктугу.

Алтыгана же айрым аймактарда караган деп аталган тикенектүү, бадал түркүмүндөгү өсүмдүктү мал жебейт. Эгерде бул өсүмдүк мындан ары да көбөйүп, жайыт жерлерди каптап кетсе, малчылар малдын курсагын тойгуза албай убара тартышы толук мүмкүн. Суусамыр өрөөнүндөгү жайыт жерлердин жалпы аянты 471 миң гектар болсо, алтыгана тикенеги 16 800 гектар аянтты басып калган.

Адистердин айтымында, алтыгана өсүмдүгүн жок кылуу машакаттуу жумуш. Аны жыл сайын 2 маал, жазында жана күзүндө чаап, оруп туруу керек. Мындан соң 2-3 жылдан кийин гана тамырына доо кетип, анан жок болушу мүмкүн. Алтыгана тикенектүү болгондуктан аны аралап басууга мүмкүн эмес. Бутактары жакын-жакын тытышып өсөт. Ошол себептен колго чабуу да оор нерсе. Андыктан тикенектүү бадалды чабуу үчүн атайын техника керектелет. Ал эми ал техниканы алууга каражат бөлүнө элек.

Жайыт, мал-чарба жана балык чарба департаментинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Ырсали Апсамат уулу алтыгананы жок кылуунун дагы бир жолу - айдоо дейт.

"Айдоо механикалык жолдордун бири. Алтыгананын тамыры жерге өтө деле терең жайылбайт. Өзүм тикенек каптаган жайыттарды кыдырып келдим. Анын тамыры 1 метрге чейин кетет экен. Эгерде жайыттын караган өскөн аймактарын техника менен айдап туруп, пайдалуу тоюттун уругун сепсек, бара-бара пайдасыз тикенектин тамыры курушу мүмкүн. Бул бирок азырынча долбоор боюнча турат. Тийиштүү кызматтардан бекитип беришкен соң бул жолду да карап көрөбүз", - дейт адис.

Алтыгананын көбөйүү жолу да оңой. Ал тамыры менен дагы, уругу менен да чаңдашуу жолу аркылуу көбөйө берет. Белгилей кетүүчү жагдай, алтыгананын бир пайдасы - ал жер көчкү жүрүүсүнөн сактайт. Ошол себептен көчкү жүрүү коркунучу бар аймактардан алтыгананы кыйып жок кылууга тыюу салынат. Анын тамыры чар жайыт, тытышып өскөндүктөн жердин кыртышын бекем кармап, суу эрозиясынан да коргоп калат. Мындан тышкары айыл жеринде алтыгананын бутактарынан шыпыргы жасап, мал короо тазалоодо кеңири колдонушат.

Тикенектүү алтыгананын өлкөбүздө 12 түрү өсөт. Ал бир гана Суусамырда эмес, Сырт жайлоосунда жана Соң-Көлдө да көбөйүп бара жаткандыгы айтылат.

Тийиштүү мекеме алтыгананын жайыт жерлерден 100 пайыз ал эми аска-зоо, тоо-кырлардан 30 пайызга жок кылууга уруксат берген. Анткен менен каражат маселеси дагы деле суроо боюнча калууда.

Суусамырды каптап бара жаткан алтыгананын пайдасы барбы же жокпу?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Maks_shop
2017-07-28 13:40:48
Жаман тикенек экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан