Түштүк Кореянын президенти союлуп кете турган итти багып алды

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин кароосуз калган иттер багылган жайдагы Таро аттуу итти багып алды. "Таронун мурунку кожоюну улгайган киши болгон жана ал ар дайым иттин эти менен азыктанган", - деп жазылат чет элдик маалымат булактары жаныбарларды коргогон топтун өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө таянып.

Жакынкы күндөрү иттер багылган жайга барган президент Тарону алып жатып: "Эми бул жаныбар түз эле мамлекеттик резиденция - "Көк үйгө" барат", - деген.

Мун Чжэ Индин мындан тышкары мергенчиликке шыктуу тукумдагы Мару аттуу ити жана Жинг-Жинг аттуу мышыгы бар. Алар да кароосуз калган жаныбарлар кармалган жайдан алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан