Экономика министри: "Өлкөдө жыл башынан бери экспорт 30 пайызга өстү"

Жыл башынан бери экспорттун көлөмү 30 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн ушул жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы жөнүндөгү жыйында экономика министри Арзыбек Кожошев өзүнүн баяндамасында айтты.

Министрдин билдирүүсүнө ылайык, январь-июнь айларына карата өлкөдөн сыртка экспорттолгон товардын көлөмү өткөн жылдын жарым жылдыгына караганда 17 пайызга өскөн. Ал эми импорт 10 пайызга өскөнүн белгиледи министр.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков министрдин баяндамасын канааттандырып, экспорттун көлөмүнүн өсүшүн Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге киргендигинин жыйынтыгы деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azat.97
2017-07-28 11:43:04
Тазза эле калп айтты бул министрибиз дагы
-1
kamchatka
2017-07-28 11:46:12
каяктагы экспорт.!
0
baisogur
2017-07-28 12:28:06
Экспорт чет элге чыгып жатат билип билбей сүйлөй бербегиле,чек арадан күнүнө 200дөн ашык камаз самопашив чыгат ал экспортко кирбейби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан