Республикалык бюджеттен шайлоого 479 миллион, жаратылыш кырсыктарын жоюуга 700 миллион сом бөлүндү

Жыл башынан бери табигый кырсыктардын кесепетин жоюу үчүн мамлекеттик бюджеттен 700 миллион сом бөлүндү. Мындай маалыматты бүгүн, 28-июлда Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков биринчи жарым жылдыктагы жасалган иштердин жыйынтыгын баяндап жатып билдирди.

Кармышаков белгилегендей, жыл башынан бери мамлекеттик бюджеттин кошумча чыгымдары 19,8 миллиард сомду түзгөн.

"Кыскача айта кетсем, ал каражаттын ичинен бул жылы жаратылыш кырсыктары көп болуп 700 миллион сом анын кесепетин жоюуга, 1 миллиард сом социалдык курулуштарга, 479 миллион сом шайлоого, 243 миллион сом билим берүү мекемелерине бөлүндү", - деди Кармышаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан