Адис: "Кыргыз өлкөсүндө жылына 2500 адам гепатит дартын жуктуруп алат"

Кыргыз өлкөсүндө жылына 2500 адам гепатит дартын жуктуруп алат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Бүткүл дүйнөлүк гепатитке каршы күрөшүү күнүнө карата өткөн маалымат жыйынында Медициналык жардам жана дары саясаты уюмунун башкармалыгынын башчысы Саматбек Тойматов билдирди.

"А гепатитин жуктуруп алгандардын 85 пайызы кичинекей балдар. Алар көпчүлүк учурда колдорун жуубай, жер жемиштерди кир боюнча жегенде бул ооруга чалдыгат. Ал эми сарык өтүшүп кеткенде цирроз жана рак илдетине алып келет. Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы жылдары өлкөнүн бардык аймактарында гепатитти жуктуруп албоо боюнча профилактикалык иштерди жасап жатат", - дейт ал.

Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев күнүнө 20 адам гепатитти жуктуруп алгандыгын айтып кайрыларын, алардын ичинен жетөө ооруканага жаткырыла турганын айтты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, мамлекет гепатитке каршы вакцинация жана башка дарылоо иштери үчүн 2 миллион сом бөлүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
arlekino
2017-07-28 14:51:11
Саламаттыкты сактоо министирлигинин бирден бир эн шалаакы мамилеси деп эсептейм. Гепатиттин с мн б тишти тазалоодо жугуп жатканын какшап айтып жатабыз...а стомотологиялык клиникалар оз билгенин кылып элементарный стеризилациолоо талапка жооп бербегенден келип чыгууда. Эл олобу олбойбу лицензияларды каалашынча онду солду беруушудо. Берген сон текшеришпейби. Илгергиче реагенттер мн.ультра светтер мн кароо болбой калды го. Жада калса жеке менчик эмес окмот поликил.абалын корсон андан коро тиши жок
+2
arlekino
2017-07-28 14:51:32
Тиши жок откон жакшы деп ойлосун.
+2
Alibay
2017-07-28 15:37:26
arlekino,туура айтасыз!Азыр ушул оорунун азабын уй-булообуз менен тартып жатабыз.Анализ кутуп,кыжаалатта отурам...((((((((((((Кудаай жардам кыла кор!!!!
0
arlekino
2017-07-28 21:16:00
Alibay,Сабыр кылыныз.Дарттын чыкпашына тилектешмин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан