Каржы министрлиги: "Республикалык бюджетке 8,4 миллиард сом түшпөй калуу коркунучунда турат"

Республикалык бюджетке 8 миллиард 400 миң сом түшпөй калуу коркунучунда турат. Мындай маалыматты бүгүн, 28-июлда өкмөттүк жыйында каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков билдирди.

Кармышаков бул жылдагы республикалык кошумча чыгымдардын көлөмү 19,8 миллиард сомду түзгөнүн айтып мекеме жетекчилеринен акча каражатын коротууну кыскартууну жана кошумча чыгымдар үчүн каражат суроону азайтууну суранды.

рматтуу өкмөт мүчөлөрү жана мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери, акыркы убактарда кошумча чыгымдарга суроо көп болуп жатат. Бул жылы ансыз да мамлекетке 8,4 миллиард сом түшпөй калуу коркунучунда турганда кошумча чыгымдарга каражат суроону азайтсаңыздар", - деди Кармышаков.

Өз учурунда премьер-министр республикалык бюджет кабыл алынып калгандан кийин мындай ыкма туура эмес экенин айтты.

"Республикалык бюджет бекитилип калгандан кийин акчанын түшпөй калуу коркунучу болбошу керек. Эгер андай болсо бюджетти толтура албай жаткан кызматкер иштен кетсин. Анда ал алдын ала мен толтура албайм деп айтыш керек болчу. Финансы министрлиги муну көзөмөлгө алсын", - деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
omka100514
2017-07-28 12:40:03
Азыраак жегиле чиновниктер, жарылып калбагыла
+3
KGstan1981
2017-07-28 13:07:54
Коп болбогон эле форумдарга акча кетиреберсенер тартыштык болотта.Мисалыга айтып кетсем Ыссык-Колдо б-п откон Алтай Элдеринин Форуму мунун эмне кереги бар эле
+3
Revolyutsiya2
2017-07-28 14:43:57
Шайлоо жакындап, Соке купулдобосо болобу... Даже ошол акчалар тушпой калса да, бийлик элге тушту деп отчет берет да, шайлоо откучо.....
+2
aibi8984
2017-07-28 19:35:53
элдин канын сыгып ичип атасынарго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан