Индияда кобра фестивалы башталды

Индияда кобра фестивалы башталды. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, кобра фестивалы Индиянын бардык аймагында, өзгөчө Махараштра, Батыш Бенгалия штаттарында кызуу белгиленет.

Уулуу жыландарды жоошутуп, чакпай турган абалга келтирүү максатында индиялыктар бул майрамда массалык түрдө кобраларга сыйынышат. Бул күнү Индиянын шаар, айылдарынан кобраларды тор баштыктарына салып алып, түрдүү ыкмаларды көрсөтүп берип жаткан тургундарды көрүүгө болот. Жергиликтүүлөрдүн ырымы боюнча, жолдон өтүп бара жаткандар жылан салынган корзинага токтолуп, сүт, күрүч, суу жана мөмө-жемиштерди тартуу кылышат.

Кобра фестивалы - дүйнөдөгү эң таң калычтуу иш-чаралардын бири болуп саналат. Бул майрам июль айынын аягы, август айынын башындагы күндөрдө белгиленет. Ушул мезгилде жыландар ийининен чыгат, бирок бул айларда Индияда жаан-чачын көп жаагандыктан жыландар жаандан качып бактарга, ал тургай адам жашаган үйлөргө чейин сойлоп барып жашынат. Адамдын өмүрүнө коркунуч жараткан жандыкты кас кылып албоо максатында индиялыктарда бул майрам пайда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Uulka9293
2017-07-28 17:15:21
Шумдугун кургур....
+3
ayjan_90
2017-07-28 17:51:52
Коркунучтуу го аябай эле жаш балдарды чагып албай бекен
+2
Begimkyz
2017-07-28 18:07:42
Жылан актан коркот деп коюшат эле го, булар сут куюп жатышат башына.


Биздин деле фестиваль экен да анда))) (кобра женелербиз го).
+6
HAPPY.GIRL
2017-07-28 18:47:54
Бул жактын адамдардынын келбети суук болот экен.Кобрадан биринчи адамдарынан коркчудай.
+2
Aitun
2017-07-28 23:09:23
Тобо кылдым мен болгондо журогум жарылса керек эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан