Ошто 15 жаштагы өспүрүм кыз көз жарды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 28-июлда SUPER.KG`ге Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков тастыктады.
Анын айтуусуна караганда, 2002-жылы Араван районунда туулган кыз Ош шаарындагы төрөт үйүндө кечээ, 27-июлда көз жарган.
"Азырынча иликтөөнүн кызыкчылыгын жана ал кыздын жашы жете электигин эске алып, башка маалымат бере албайбыз", - деди Сыдыков.