WhatsApp колдонуучулардын саны боюнча кайрадан рекорд койду

WhatsApp баарлашуу тиркемеси колдонуучулардын көптүгү менен кайрадан дүйнөгө рекорд койду. Өткөн жылы бир ай ичинде тиркемени 1 миллиарддан ашык адам колдонсо, эми 1 күндүн ичиндеги колдонуучулардын саны 1 миллиарддан ашты.

Колдонуучулардын статистикасын изилдеген топ мындай жыйынтыкты 26-июль күнү эсептеп чыкканын чет элдик маалымат булактары жазууда.

Ага ылайык, күн сайын 1 миллиарддан ашык адам WhatsApp аркылуу кат, сүрөт, аудиобилдирүү жөнөтүп, видеобайланыш жана башка кызматтарын пайдаланат.

WhatsApp'тын 2017-жылдын 26-июлуна карата статистикасы:

* күн сайын 1 миллиард колдонуучу;

* баарлашуучулардын бири-бирине жөнөткөн сүрөттөрү күнүнө 4,5 миллиардга жетет;

* күнүнө жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн саны 55 миллиард;

* жөнөтүлгөн видеонун саны күнүнө 1 миллиард;

* WhatsApp аркылуу 60 тилде баарлашышат;

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
nurik-95
2017-07-28 19:47:18
Ватсап эн сонунда магада жазып койгула анда super.kg нин окурмандары 0777 33 42 95
+6
Begimkyz
2017-07-28 19:49:22
nurik-95,реклама кучтуу го)))
+10
nurik-95
2017-07-28 19:52:18
Begimkyz,ватсап жөнүндө кеткен экен жазып албадымбы таппай тургамда девеле тамаша бирок жазып койгула
+2
ZHYRGAl1412
2017-07-28 20:01:46
nurik-95,ушу сенден бир нерсе чыгат чымынын бар экен
+8
nurik-95
2017-07-28 20:15:38
ZHYRGAl1412,оада кансерваторяда окугандан кийин
+5
Bek94
2017-07-28 20:31:28
Ватцап жакшы чыкты мага да жагат.
+4
aliko78
2017-07-28 20:42:53
Ватсапта ким менен байланышканыны башка бироо коруп алышы мумкунбу? Угушума караганда интернет аркылуу керек адамыны ватсаптан ким менен суйлошуп атканын билсе болот имиш.
+1
nurik-95
2017-07-28 20:47:55
aliko78,болот албетте кантип болбосун даң даң көрсө болотта
0
Begimkyz
2017-07-28 23:14:44
aliko78,Копия болуп сакталып калса болот, а эгер очурулуп кетсе билдируулор болбойт коргону Жана башка адам интернеттен дан дан эч качан коро албайт подтверждающий номер болмоюнча. Хакерлер взлом кыла алат.
+4
nurik-95
2017-07-28 23:46:32
Begimkyz,окуйтурган адамдын телефону жанында болсо окуп жүрсө болотта мен ошентип эле окуп жүрдүм көп убакыт
0
Mina2197
2017-07-29 00:38:59
aliko78,Корсо болбосо керек
Ватсапп коопсуздугу жагынан мессенджерден кийин эле турат
+3
USSRKG
2017-07-29 12:58:56
Mina2197,озу ватсап мессенжер болуп жатса кызык
0
elmurat.kg
2017-07-29 15:54:14
aliko78,болот плеймаркеттен whatsweb деген программа менен QR-Кодун тартып кадимкидей озун ватцабындай иштетсен болот.может меникин да бироо коруп журшондур
0
nurik-95
2017-07-29 13:27:39
мен окуп эле жүрөмго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан