Бүгүн, 28-июлда Байкоңур космодромунан эл аралык космостук станциясына "Союз-ФГ" ракетасы 3 адамдан турган экипажы менен коё берилди. Бул тууралуу "РИА Новости" басылмасы жазды.
Ракетанын бортунда орус космонавты Сергей Рязанский, америкалык астронавт Рэндольф Брезник жана орус космонавты, Европа космостук агенттигинин астронавты Паоло Несполи коштоп учушту.
Маалыматта белгиленгендей, болжогон жерге ракета 29-июлда Москва сааты боюнча түнкү саат 01:00дө жетет. Салмаксыздык боюнча маалыматты космонавттарга оюнчук гном, трансформер жана мамалак сыяктуу өздөрүнө бекитилген оюнчуктар кабарлайт. Бул предметтерди аларга үй-бүлө мүчөлөрү тандап беришкен. Экипаж мүчөлөрү космос станциясында 139 сутка болушары күтүлүүдө.
Орусиялык космонавттар станциядан ачык космоско август айынын ортосунда чыга турганы маалым болду. Анда алар бир нече илимий спутниктерди коё беришип, эл аралык космос станциясында бир катар эксперименттерди жүргүзүшмөкчү.
Эл аралык космостук станцияда учурда Фёдор Юрчихин жана NASA уюмунун астронавттары Пегги Уитсон менен Жек Фишер бар.
Ракетанын учурулушу Кыргыз өлкөсүндө да айкын байкалды.