Ала-Бука районунда 55 турак жайга сел коркунучун жараткан жээктер бекемделди

Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын Ажек айылындагы 55 турак жайга коркунуч жаралган сай нугу түздөлүп, жээктери бекемделди. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин турак үйлөрдү жана автоунаа жолун сел суулары каптап кетүү коркунучу жаралган. Сайдын жалпы 2 чакырым жери түздөлүп, жээктерин бекемдөө жумуштары аткарылды. ӨКМ тарабынан атайын кубаттуу техникалар тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан