SUPER.KG порталынын "СУПЕР ТВ" бөлүмүндө Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Суусамыр өрөөндөрү аркылуу кеткен бөлүгү тууралуу сюжет даярдалды. Сюжетте айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн азабын тарттырып келген жол азабы жөнүндө кеп болот.
Чындыгында, өлкөнүн эки ири делген шаарын бириктирип турган бул жалгыз унаа жол түндүк менен түштүктү байланыштырып, мамлекеттик деңгээлдеги өтө маанилүү, көңүл бурула турган объект. Айдоочулар бул жолдун акыркы жылдары тамтыгы чыгып, унаа менен жүрүүгө мүмкүн болбой калганын байма-бай сөз кылып келишет. Ошондой эле аталган жолдо 2 көзөмөл өткөрүү пункту бар. Ал жакта айдоочулар унаасынын категориясына жараша 35 сомдон 250 сомго чейин акча төлөп өтүшөт. Түшкөн каражат кайда жумшалып жатат жана жолду оңдоп-түзөө иштерине кандай кырдаалдар тоскоолдук кылууда?
Жоопторду шилтеме аркылуу өтүп, "СУПЕР ТВ" бөлүмүнөн көрүңүздөр.