Испаниянын Фойос шаарында шоу-салтанаттын уюштуруучулары элдин көңүлүн ачуу үчүн "өзгөчөлүү" идеяны тапкан. Буканын мүйүзүнө баш жагы күйүп турган таякчаны орнотууну ойлоп тапкандар жандыктын ошондогу абалын эске албагандыгын салтанат учурунда билишкен.
Чет элдик маалымат булактары жазгандай, жергиликтүүлөр үчүн салтка айланган бука менен күрөшүү шоусунда анын уюштуруучулары буканын мүйүзүнө баш жагы жалындап күйүп турган таяктарды тагып коюшкан.
Оттон корккон жаныбар адегенде ошол жердеги түркүккө башындагы өрттү өчүрүү үчүн сүйкөнүп көргөн. Бирок башындагы жалын өчпөгөндө кыска аралыкка катуу чуркап, кайра артка кайтып түркүктү чоң күч менен сүзүп алган. Коркунучтан эси кеткен бука ошол жерден эле дароо жан берген.
Бирок Фойостогу күч органдары бул абалды кырсык деп эсептей турганын билдиришкен. Өткөн жылы да испаниялык жаныбарларды коргоочулар оттон коркуп азап чеккен буканын видеосун интернетке жарыялаган. Алар видеону "Жаныбарларга карата азаптуу кыйноо" деп аташкан.