Мындан 14 жыл мурун, 2003-жылы 29-июлда белгилүү драматург, актёр, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бакы Өмүралиев 71 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал 1932-жылы 29-июлда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында туулган. Ташкенттеги Островский атындагы Театралдык институттан билим алып, Кыргыз драма театрында, "Кыргызфильм" киностудиясында, Республикалык куурчак театрында иштеп, Жазуучулар кошуунунда, Театр ишмерлер коомунда жооптуу кызматтарды аркалаган. Б.Өмүралиевдин "Тагдырдын өгөй балдары", "Жаңырык", "Ата сөзү - ар-намыс" жана башка ондогон драмалык чыгармалары Кыргыз мамлекетиндеги бардык театрларда коюлган. Ал жазуучулуктан сырткары актёрлук менен алектенип, бир катар тасмаларда ролдорду жараткан.
29-июлга карата жылнаама.