Түркияда бороон менен коштолгон мөндүр абага көтөрүлгөн учактын алдынкы бөлүгүн зыянга учуратты

Түркияда бороон менен коштолгон мөндүр абага көтөрүлгөн учактын алдынкы бөлүгүн зыянга учуратты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, окуя 27-июль күнү Стамбул шаарында болгон. Анда Стамбул-Кипр багыты боюнча "Ататүрк" аэропортунан абага көтөрүлгөн учак бороонго туш болгон. Бороон мөндүр менен коштолуп, учактын алдынкы бөлүгү жана терезелери жабыркаган. Мындан улам учкучтар кайра артка кайтуу чечимине келишип, жерге ийгиликтүү конушкан.

Учакты украиналык учкуч Александр Акопов башкарып бара жаткан. Анын бул эрдиги Түркияда улуттук баатыр катары бааланууда.

Айта кетсек, учактын ичинде 121 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
RusMos76
2017-07-29 19:37:33
Алдынкы болугу чирип калгандай го, кантип которулду экен абага мондурго туруштук бере албаса!
+2
Taalaibek.
2017-07-29 20:05:59
Азамат учкуч.
+1
ACAH-AKA.
2017-07-30 12:31:08
чирип калган экенго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан