Бишкекте 3 унаа сүзүшүп 1 адам катуу жаракат алды

Бишкек шаарынын Абдрахманов жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде 3 унаа катышкан жол кырсыгында бир адам жабыркады. Бул тууралуу окуянын күбөсү SUPER.KG порталына кабарлады.

Анын айтымында, кырсык 30-июлда саат 23:30дар чамасында болгон.

"Жигули Жибек Жолу көчөсү менен катуу келип, Абдрахманов көчөсүнө бурулуп жаткан Мерседести сүздү. Ал айланып барып Ауди үлгүсүндөгү такси кызматынын унаасына урунуп, өзү жолдун жээгине чыгып кетти. Жигулинин айдоочусу рулга катуу урунган окшойт, башынан кан агып кыймылдай албай жатты", - дейт окуянын күбөсү.

Кырсыкта Жигулинин айдоочусунан тышкары жабыркагандар жок.

"Кийин "Тез жардам" кызматкерлери келип жабыр тарткан айдоочуну алып кетишти. Окуя болгон жерге дароо эле Патрулдук милиция кызматкерлери келишти. Элдер жабырлануучуга жардам көрсөтүп жатышты", - дейт күбө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KyrgyzstanOsh001
2017-07-31 08:16:25
Сакайып кетсин. Тормозу кармабай калган окшойт.
0
grace
2017-07-31 09:00:27
Күнүгө ушундай кабарлардан коркмой болдук. Аман калып жакшы болуптур. Этият болгулачы айланайын кыргыз элим.
0
aza84
2017-07-31 12:11:47
Кече эле 2 жол кырсын кордум бири молодойдо болуптур машина конторулуп калыптыр 2 си белинка боконбаевадан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан