Ишемби күнү, 29-июлда дүйнөдө эң узун делген асма көпүрөнүн ачылышы болду. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы кабарлады.
Узундугу 494 метр, бийиктиги 85 метрдей, бирок туурасы болгону 60 сантиметр болгон көпүрөгө Europabruecke ысымы ыйгарылган. Ал Церматт жана Грэхен тоолуу айылдарын байланыштырып турат. Көпүрө ичке болгондуктан жүргүнчүлөр бири-биринин артынан гана баса алышат. Расмий ачылышында андан эр жүрөк жүргүнчүлөр басып өтүшкөнү жазылат маалыматта.
Көпүрө салмагы 8 тонна жоон зым аркан менен кармалып, термелүүгө каршы систем менен камсыздалган.
Белгилей кетсек, Австриядагы Ройттеде узундугу 405 метр болгон асма көпүрө 110 метр бийиктикте орнотулган.