Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна карашту Терек-Сай айылынын Эшалы Болуш көчөсүндөгү таштанды тазаланбай жатканын бүгүн, 31-июлда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман билдирди.
"Таштанды биздин үйдүн короосуна жетип, үйдүн ичине чымын-чиркейлер толуп жатат. Айыл өкмөткө кайрылсак, "өзүңөр тазалап чыккыла" дейт. 3 күндөн бери тазалап, түгөтө албай жатабыз. Өзүм ден соолугумдан мүмкүнчүлүгүм чектелген, уулум таштандыдан аллергия болуп жатат. Майда сыныктар колдорун кесип кетеби деп да коркуп жатам", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.