Өзгөн шаарынын базарындагы өрттөн канчалык деңгээлде материалдык зыян келтирилгенин аныктоо боюнча штаб түзүлдү

Өзгөн шаарынын базарындагы өрттөн жабыр тарткандардын абалын такташ үчүн атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда SUPER.KG порталына Өзгөн шаарынын вице-мэри Маматбек Тайлаков билдирди.

Анын айтымында, учурда Өзгөн шаарында 9 кишиден турган штаб түзүлдү. "Азыр жабыр тарткандарга канчалык деңгээлде материалдык зыян келгенин жана өрттүн себеби такталып жатат. Жабыр тарткандарга материалдык же башка кандай жардам көрсөтүлө турганын азырынча айта албайм", - деди Тайлаков.

Эске салсак, 29-июль күнү Өзгөн шаарынын базарында өрттүн кесепетинен 2 миңдей чарчы метрди ээлеген соода орундуктары күйүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан