Бүгүн, 31-июлда социалдык тармактарда сүзмө тебелеп жатат делген ич кийимчен эркек кишинин сүрөтү жарыяланды. Айрым колдонуучулар аны курут жасоо үчүн сүзмөнү жууруп жатат дешсе, кээ бири сүзмөнү эмес, алебастр тебелеп жатканын жазышкан.
Ошондой эле бул окуяны кадимки көрүнүштөй кабыл алып, шарапты да жүзүмдү бут менен тебелеп жасай турганын эскерткен колдонуучулар бар.
Эскерте кетсек, мындан бир нече жыл мурун гамбургер тез татымы үчүн да этти бут менен тебелеп жаткан сүрөт тарап, көпчүлүктү жийиркенткен.
Азырынча сүрөттөгү адам ким экени жана кайда тартылганы белгисиз.