Өзбекстан жана Кыргыз өкүлдөрүнүн ортосунда мамлекеттик чек араны тактоо боюнча 9 күнгө созулган кезектеги сүйлөшүүлөр 29-июлда жыйынтыкталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар бирдей позицияны карманган кыргыз-өзбек чек арасынын тилкесиндеги аймактар боюнча биргеликте иш жүргүзүштү. Сүйлөшүүлөр достук маанайда өтүп, жыйынтыгында протокол түзүлдү.
Эскерте кетсек, Астанада өткөн Шанхай кызматташуу уюмунун мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимге кол коюу боюнча маселелерди макулдашуу иштерин тездетүүгө тапшырма берилген. Тапшырманы ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулуп, Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн делегацияларынын жетекчилери Ильхом Неъматов жана Курбанбай Искандаровдун маалыматтарын укту.
Мындан сырткары, Ильхом Неъматов бул маселе боюнча Кыргыздын вице-премьери Жеңиш Раззаков менен жолукканы маалым болду.