33 жаштагы Родриго Алвес ушул жашка чейин жүзүнө 57 жолу пластикалык операция жасатып, ага болжол менен 31 миллион 500 миң сом короткон. Бирок ал ага да карабастан кайрадан дарыгерлердин бычагынын алдына жатып, 10-ирет мурдунун формасын өзгөрттү.
Алгач дарыгерлер ага операция жасоодон баш тартышкан. Ачуусу келген Алвес “Botched” реалити-шоу берүүсүнө (ред: америкалык телекөрсөтүү, анда белгилүү хирургдар тарабынан оор пластикалык операциялардын жасалганы көрсөтүлөт) катышып, белгилүү пластикалык хирургдар Терри Даброу менен Пол Нассифке арызданып, мурдунун формасын өзгөртпөсө дем алууга кыйын болуп жатканын айткан.
“Соңку жылы мурдума 3 жолу операция жасаттым, азыр дем алууга мүмкүн болбой жатат. Менде кайрадан ринопластика жасатуудан башка айла жок” деген ал. Мындан улам дарыгерлер Алвеске операция жасашкан, эми анын мурдундагы тырыктар бир жылдан соң толугу менен жоголмокчу.
Родриго Алвес коомчулукта “тирүү Кен” (ред: Кен – эркек куурчак, Барбинин досу) деген атка конгон. Анын пластикалык операцияга умтулгандыгынын себеби – өзүнүн идеалдуу келбетин дагы да болсо таба электигинде.
Белгилей кетсек, Родриго Алвеске чоң ата, чоң энесинен ири көлөмдөгү байлык мураска калган. Андыктан ал жаш курагынан тарта келбетин бат-баттан өзгөртүп, ал үчүн акча аяган эмес.