31-июлда түшкө жуук Бишкектин четиндеги Арча-Бешик конушундагы дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылгандыгы тууралуу кабарланган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан 1-августта билдиришти.
"Факты катталган учурдан тартып ымыркайды төрөгөн аялды издөө иштери улантылып жатат", - деп билдиришти шаардык ички иштер башкармалыгынан.
Эске салсак, кечээ Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан ымыркайдын ыйлаганы угулган. Үйдүн ээси жаңы төрөлгөн кызды ал жерден алып чыгып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген. Наристе Бишкектеги №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы, анын абалы оор экендиги кабарланган.