Өкмөт ЕАЭБде азык-түлүк экспорттоочу ишкерлерди техникалык регламенттерди сактоого чакырды

2017-жылдын 12-августунан тарта Евразиялык экономикалык биримдигинде азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу 18 техникалык регламент күчүнө кирет. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта маалымат жыйын учурунда вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, сыртка азык-түлүк экспорттоочу ишкерлер аталган регламенттерди дайыма сактоосу керек. "Регламенттин көпчүлүк бөлүгү ишкерлердин ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу болот. Ошондуктан алардын ЕАЭБге алып чыгып жаткан товарлары регламентте көрсөтүлгөн талаптарга жооп берүүсү керек", - деди вице-премьер.

Регламенттер маркалоо, май өсүмдүктөрүнүн, сүт жана сүт азыктарынын, эт жана башкалардын сапаты боюнча жүргүзүлмөкчү. ЕАЭБдин негизги техникалык регламенти - бул ички жана сырткы рынокту сапаттуу жана товарларды жетишерлик санда камсыз кылуу болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан