Өлкөдө энелердин 41 пайызы гана баланы 1,5 жашка чейин толук эмизе турганы аныкталды

Бүгүн, 1-августта "Кыргыз мамлекети бала эмизүү боюнча көрсөткүчү төмөн өлкөлөрдүн тизмесине кирди" деген теманын алкагында талкуу жүрүүдө.

Ага Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз мамлекетиндеги балдар фондунун башчысы Мокуо Юкиэ, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адиси Кубанычбек Моңолбаев, Саламаттыкты сактоо министрлигинин адиси Бактыгүл Исмаилова катышууда.

Алар башка академиялык институттар менен биргеликте 194 өлкөдө "Бала эмизүүнүн глобалдык системи" деп аталган изилдөө жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында өлкөдө бала эмизген энелердин саны күндөн-күнгө азайып, азыркы учурда өлкө аймагы боюнча 41 пайыз гана энелер балдарын 1,5 жашка чейин толук эмизе турганы аныкталган.

Ал эми баланы эмчек сүтү менен багууда 60 пайыздан ашык көрсөткүчкө ээ болгон өлкөлөрдүн катарына 23 гана өлкө кирген. Алардын ичинде Боливия, Камбоджа, Корея Республикасы, Кения, Малави, Шри-Ланка, Непал, Перу жана башкалар бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asil-08
2017-08-01 11:40:29
Тирилик деп эрте чыгарабыз балдарыбызды эмчектен, антпесен ишке чыкпасан бир адамдын куйондун айлыгы эчтекеге жетпейт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан