Энелер үчүн жумушта бала эмизүүгө шарт түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта "Кыргыз мамлекети бала эмизүү боюнча көрсөткүчү төмөн өлкөлөрдүн тизмесине кирди" деген теманын алкагындагы талкууда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адиси Кубанычбек Моңолбаев билдирди.
Ал акыркы мезгилде көпчүлүк энелер төрөгөндөн көп өтпөй иштеп баштап, баланы эмчектен чыгарууга аргасыз болуп жатканын белгилеп өттү. Мындан улам эгер жумушка бала эмизүү үчүн атайын шарттар түзүлсө, эмчек эмизген энелердин саны бир топко көбөймөкчү деген пикирин айтты. Адистердин айтымында, азыркы тапта балдардын 69,5 пайызы эмчек эмбей жасалма аралашмалар менен тамактанышат.