Чиновник "Өлкө ичиндеги азыктарга көзөмөл күчөтүлүп, зыяндуу азыктарга чек коюлат" дейт

Өлкө ичиндеги азыктарга көзөмөл күчөтүлүп, зыяндуу азыктарга чек коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков айтты.

Анын айтымында, жакынкы аралыкта мамлекеттик мекемелерге көзөмөлдү күчөтүү милдети жүктөлөт. "Биз жалаң гана бизнести эмес, элдин саламаттыгын да карашыбыз керек. Ошондуктан өлкө ичиндеги азыктарга болгон көзөмөлдү күчөтүп, элдин ден соолугуна зыян берчү азык болсо, базардан ыргытабыз. Мүмкүн кийинки келчү азыктарды сапаттуу алып кирүү милдетин коёбуз", - деди Сазбаков.

Ошондой эле 12-августтан тарта Евразиялык экономикалык биримдигинде азык-түлүктүн коопсуздугуна байланышкан 18 техникалык регламент күчүнө кирсе, ал мыйзамдын талабы менен иштеген ишкерлерге коркунуч жаратпай турганына токтолду.

"Мурда иштеп жаткан улуттук техникалык регламент менен ЕАЭБдин алкагында кирип жаткан регламентте өтө чоң деле айырмачылык жок. Болгону сыртка азык алып чыгууда регламенттин талабына ылайык азык алып чыгуу керек. Өзгөчө дыйкандар эптеп өтүп кетебиз деген максатта документтерди толук толтурбай туруп чыгып кетип жатышат. Ошондуктан документтери туура болбогондуктан жарым жолдон кайтып келүүгө аргасыз болуп, зыянга учурашууда", - деди министрдин орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
BekAmir
2017-08-01 18:58:15
Туура
0
Ayida
2017-08-02 00:43:16
Туура, сураныч Кытайдан кирген алмалар.Сулп кара эттер тоок этин киргизбегилечи!Жасалма этти билбей алып атышат
0
tular
2017-08-02 23:12:41
Кытайдан куруч, окорачка ж.б. продуктуларын мурда эле чек коюш керек болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан