Ак Үйдүн, соттордун, министрликтердин, Борбордук шайлоо комиссиясынын имараттарынын алдына митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жогорку Соттун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМ Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, 1-августтан 20-октябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салуу боюнча арыз берген. Сот митингдерге чектөө киргизүү боюнча чечим кабыл алды.
Эскерте кетсек, 31-июлда Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Садыр Жапаровдун соту уланып, ага карата чечим кабыл алынмак. Бирок соттун катчысы ооруп калгандыгына байланыштуу деген негизде отурумду 2-августта кароо чечими кабыл алынган. Ошол эле учурда сот имаратынын алдына Садыр Жапаровдун 100гө жакын тарапташы анын боштондугун талап кылып, митинг өткөрүп жатышкан.
Мындан тышкары депутат Өмүрбек Текебаевдин жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун тарапташтары сотторго нааразычылык билдирип, Текебаев менен Чотоновду бошотуу талабы менен митингдерди өткөрүп келишет.