Ботаникалык бактын айланасына ветеринардык лаборатория курууга илимий кызматкерлер каршы чыгышууда

Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш ботаникалык бактын ичиндеги 4 гектар жерге ветеринардык лаборатория курулушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 1-август күнү пресс-конференцияда ботаникалык бактын директору Медет Ахматов билдирди.

Анын айтымында, Айыл чарба министрлиги өкмөттөн ботаникалык бактын аймагына тиешелүү 4 гектар жерди алып коюуну суранып жатат. Министрлик бул жерге кытайлык гранттын эсебинен өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш аймагы болгонуна карабастан ветеринардык лабораторияны курууну пландаштырып жатат.

"2010-2011-жылдары азыркы айтылып жаткан аймакка лаборатория курабыз деп айтып, мамлекеттин токтому чыккан. Бирок окумуштуулардын жана коомчулуктун сөзүн угуп лабораторияны куруудан баш тарткан. Учурда Кытайдын грантын иштетип, кайрадан бул ишти козгошууда. Ботаникалык бак илимий институтунун статусу бар, атайын коргоо зонасына кирет. Ал жакта элдер эс алат жана ботаникалык бак билим берүү функцияларын аткарат. Кошумчалап айта кетсек, биринчиден, аталган аянт суу коргоо зонасынын ичине кирет. Аламүдүн дарыясына 15 метр жакын болгондуктан ар түрдүү коркунучтар бар. Экинчиден, сейсмикалык жарылуу бар болгондуктан, жер титирөө болсо ал жакта сел жүрүшү мүмкүн. Бул чоң долбоор болгондуктан демилгечилер коомдук угууларды сөзсүз уюштурушу керек, алар элдин сөзүн угуп жана оюн билиш керек. Биз ботаникалык бактын айланасына ветеринардык лабораторияны курганга каршыбыз", - деп кошумчалады Медет Ахматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
grace
2017-08-01 17:06:57
Албетте курбаш керек ал жерге. Кытайлар атайын кылып жатпайт деп ким гарантия бере алат? Андан башка жер табылбай калмак беле...
0
zevs
2017-08-01 18:14:16
bishkekte bawka jay kurup kalyptirby.jer keniri ele jatatko sentrge ele tygyla berbey alysyrak jerlerge kursa elder kichine jylyp sentrler bowop kalmak
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан