Экономика министрлиги мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча жобого түз сатуу жолун киргизип, токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды. Анда бир объектти сатуу үчүн үч жолку аракет ишке ашпаган учурда гана колдонула турганы жазылган.
Токтом долбоордо белгиленгендей, азыркы учурда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү аракеттери төмөндөп жатканы байкалып турат. Сатыкка коюлган объектилер боюнча билдирмелер жоктугунан улам сатылбай жатат. Мисалы, алардын катарында "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун мамлекеттик акциялары да бар.
Буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Альфа Телекомду" үч жолу аукционго коюп, бирок сатылбай калган. Анын баштапкы наркы 19 миллиард сом деп белгиленип, акыркы аукциондо баасы 13 миллиард 5 миллион сомго чейин төмөндөгөн.