Бүгүн, 1-августта президенттикке ат салышкан 4 талапкер кыргыз тили боюнча сынактан өттү. Бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев мамлекеттик тилди билүү боюнча сынак тапшырышты. Натыйжада Муратбекова 79,5 балл, Энназаров 70,25 балл, Абдрахманов 74 балл, Чолпонбаев 87 балл алды.
Талапкерлер "Кыргызтест" системи боюнча 4 бөлүктөн турган тестирлөөдөн өтүштү. Анда кыргыз тили боюнча лексика-грамматика, угуу, окуу жана сүйлөөнү текшерүү каралган.
Эскерте кетсек, талапкерлердин мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруусу 26-июлда башталып, бир күндө 4 талапкер тестирлөөдөн өтүп турмакчы болгон. Сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билерин тастыктаган сертификаттар тапшырылмакчы.