Даниялык жазуучу мектепте орто окуп, өмүрүнүн аягына чейин чыгармаларын грамматикалык ката менен жазган
"Түрү суук өрдөк" ("Гадкий утёнок"), "Жапайы ак куулар" ("Дикие лебеди"), "Дюймовочка", "Кар ханышасы" ("Снежная королева")... Бул жомокторду билбеген адамды кезиктирүү кыйын. Чыгармаларынын арты менен легендарлуу жомокчуга айланган Ханс Кристиан Андерсендин өмүрү тууралуу кызыктуу маалыматтар менен тааныштырабыз.
Айрым маалыматтарга караганда, Андерсен орус акыны Александр Пушкинди урматтап, анын кол тамгасын алууну кыялданган. Мындан улам достору ага ичинде Пушкиндин кол тамгасы бар "Элегия" чыгармасын белекке беришкен.
Анын чыгармаларынын негизинде орусиялык режиссёрлор Лев Атаманов жана Николай Фёдоров 1957-жылы "Кар ханышасы" мультфильмин жаратышкан. Дагы бир советтик режиссёр Владимир Дегтярёв болсо "Түрү суук өрдөк" мультфильмин 1956-жылы көрүүчүлөргө сунуштаган. Ал эми Леонид Амальрик аттуу режиссёр 1964-жылы "Дюймовочка" мультфильмин тартуулаган. Бир тууган режиссёрлор Вера жана Михаил Цехановскийлер 1962-жылы "Жапайы ак куулар" мультфильмин тартышкан.
Үй-бүлөдөн жолу болгон эмес
Жазуучу өмүр бою бойдок жашаган. Бир жолу Женни Линд аттуу өзүнөн 14 жашка кичүү кызды сүйүп калат. Бирок ага болгон сезимдери жоопсуз калып, кыз башка адамга турмушка чыккан.
Өзүн жерге берүү аземине композитордон марш жазып берүүсүн суранган
Өлүмүнө аз калганда Андерсен композитор Хартмандан өзүнүн жерге берүү аземине карата марш жазып берүүсүн суранган. Ошондой эле анын ритмин ага катыша турган балдардын кадамы менен төп келишин талап кылган.
Андерсендин урматына эл аралык балдар китебинин күнү белгиленет
2-апрелде жазуучунун туулган күнүнүн урматына дүйнө жүзүндө эл аралык балдар китебинин күнү белгиленет. Ал эми 1956-жылдан бери Балдар китеби боюнча эл аралык кеңеш эң жогорку эл аралык сыйлыкты - Ханс Христиан Андерсендин атындагы алтын медалын жазуучуларга тапшырып келет.
4-августтун жылнаамасы.