Шашылыш билдирүү! Ушул эс алуу күндөрү өлкө аймагында жаан жаап, бийик тоолордо кар жаашы күтүлүүдө

11-13-август күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 11-12-август күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 13-августта кээ бир райондордо жаан-чачын болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Мунун негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында министрлик тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү кызматтарга жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан