Бүгүн, 9-августта Бишкекте Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду митинг өткөрүп жаткан жеринен милиция кызматкерлери кармап кетишти. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, учурда аны Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алып барышууда.
Айта кетсек, бүгүн Токтонасыров президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу талабын айтып нааразычылык акциясына чыккан. Ал "Шайлдабекова (ред: БШКнын төрайымы), бийликтин кулу болбо же кызматтан кет! Текебаев тил сынагына катышсын!" деген жазуусу бар плакатты кармап турган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-августтан 20-октябрга чейин Ак Үйдүн, соттордун, министрликтердин, Борбордук шайлоо комиссиясынын имараттарынын алдына митинг өткөрүүгө тыюу салган.