Улуу Британияда кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөн адам жарыяланган сүрөтүнө нааразы болуп полицияга өзү келди. Бул туурасында аталган өлкөнүн маалымат каражаттары бүгүн, 9-августта жазып чыгышты.
"Түштүк Уэльстин полиция департаменти 35 жаштагы Эсмонд Уейнге кылмышка шектелгендиги үчүн издөө жарыялаган. Полициячылар анын сүрөтүн социалдык тармактардын бирине жүктөп, окурмандардан шектүүнү табууга жардам сураган. Издөө салынган жарыяны Уейн өзү да окуп "бул менмин, силер менин начар тартылган сүрөтүмдү илип коюптурсуңар" деп сүрөттү өчүрүп коюусун өтүнгөн. Кийинчерээк ал адвокаты менен кеңешип, полиция бөлүмүнө өзү келген. Жарыяланган сүрөттү өтүнүч боюнча полиция алып салды. Бирок анын сүрөтү интернет аркылуу коомчулукка тарап кеткен", - деп жазылат маалыматта.