Орусиянын Калининград шаарында стадион курулушунда иштеген тажик мигранттарына беш айдан кийин айлык маяналары алардын иш таштоо уюштурушканынан кийин төлөнүп берилди. Бул туурасында тажик маалымат каражаттары жарыялады.
"Тажикстандан келген 100дөн ашуун мигрант Калининградда 2018-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун объектилеринин биринде курулушта иштешкен. Алар ушул жылдын март айынан бери маяналарын ала албагандыктан массалык иш таштоого чыгышты. Жыйынтыгында курулушка жооптуу компания эмгек акыларын төлөп берип, мындан ары маянаны өз маалында төлөөнү убадалады", - деп айтылат маалыматта.