Караколдо мечиттерди курууга мораторий киргизүү сунушталууда. Азыркы тапта шаарда 9 чоң мечит бар

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына мечиттерди курууга мораторий киргизүү сунушталып жатканын 10-августта SUPER.KG'ге Каракол шаардык кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракунов кабарлады. Мындай сунуш шаардын башкы планына байланыштуу шаардык кеңештин депутаттары тарабынан киргизилген.

"Бул маселе 8-август күнү шаардык кеңеште шаардын башкы планынын концепциясы каралып жатканда көтөрүлдү. Концепция бекитилген соң алгач мектеп, бала бакча, спорт комплекстеринин орундарын аныктап, андан кийин мечит курулчу жерлерди карайбыз. Шаарда 9 ири мечит жана кичи мечиттер бар. Азырынча алар жетиштүү", - деди Айсаракунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Muslim_KGstana.
2017-08-10 14:36:40
туура мечиттин саны кобойгону менен анын сапатын да ойлоо керек/ мисалы биз жакта ар бир уруу оз-оздоруно мечит салганы менен ага 5 маал азан айтчу,мечит толо жамаат жок
+1
jonne
2017-08-10 14:55:00
Садик Мектеп Болинца ушуларга конул буруш керек болуп калды Баарын заманбап салыш керек
0
Patriot7
2017-08-10 15:10:14
Туура ой айтылыптыр... Сандан сапатка откуло!!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан