Түркияда жеке ишкер тургузган Манастын айкелинин расмий ачылышы болду

Түркиянын Стамбул шаарындагы "Сүтлүже" паркына тургузулган Манастын айкели ачылды. Айкелдин ачылыш салтанатына өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, жергиликтүү жетекчилер, делегация өкүлдөрү жана шаар тургундары катышканын өкмөттүк аппараттан билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков эстеликтин ачылышы Кыргыз мамлекети менен Түркия элдеринин достугунун символу болуп кала турганын белгиледи.

"Эки элдин бир туугандыгын даңазалап, кыргыздын Манасына арналган айкелдин Стамбул шаарында орнотулушу кыргыз эли үчүн чоң сыймык. Биз түрк эли кыргыздын тарыхына, маданиятына терең сый менен мамиле кыларына ыраазычылык билдиребиз. Баарыбыз билгендей, Изник шаарында кыргыз жоокеринин күмбөзү бар, ал эми Элазык шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы көчө бар. Бүгүн биз Стамбул шаарында Манастын эстелигин ачып жатабыз", - деди Жээнбеков.

Стамбул бийлиги айкелди ачууга жер бөлүп берип, эстелик ишкер Темирлан Сарлыкбек уулунун каржылоосу менен тургузулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
avtogrand
2017-08-10 13:57:30
Ошко дагы Ленинди алып Манасты коюш керек эледа.
+4
asmera
2017-08-10 14:08:19
Ала-Тоо аянтындагы айкелге караганда бир топ салабаттуу, чыныгы баатырдын элесин берген жакшы, көркөм айкел болуптур. Эмгектин авторлоруна жана меценат Темирлан Сарлыкбек уулуна терең ыраазычылык.
+5
uli01
2017-08-10 14:11:24
темирлан сага чон рахмат
+3
jonne
2017-08-10 14:20:22
Ар бир кыргыз жараны мамлекетке озунун ушундай салымдарын кошуптургудай жакшы иш жасады Темирландай агалар менен сыймыктанабыз
+3
Adi.Avazbekov
2017-08-11 01:09:29
Emne eeri jok bardyk jerde uwundai jasalgan je murda jaidak ele minishkenbi kyzyk
Oshko ploshadka razzakovtu koiuw kk
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан