Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселесин карады. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.
Анын айтымында, жумушчу топтун көпчүлүгү Текебаевди тил сынагына катыштыруу боюнча анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн арызын канааттандырган жок. "Жумушчу топ "БШКнын мындай ыйгарым укуктары жок" деп чечимин түшүндүрдү", - дейт Журабаева.
Эске салсак, 8-августта Жогорку Сот президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырган. "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова "Бишкек шаарынын райондор аралык соту Борбордук шайлоо комиссиясын Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштыруу маселесин кароону милдеттендирди" деп билдирген болчу. БШК "Сот Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселесин кароого милдеттендирген жок. Болгону "БШК аракет көргөн эмес" деп тапты" деп билдирүү тараткан.