Шавкат Мирзийоев жөн салды жыйындарды өткөрүүгө тыюу салды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев мамлекеттик органдардын, мекеме-ишканалардын негизсиз, натыйжасыз жыйындарды өткөрүүсүнө тыюу салды. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, президент мындай жыйындар кызматкерлердин милдетин аткаруусуна жолтоо болорун айткан.

Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасы президенттин бул тыюусу ишке ашуусу үчүн керектүү мониторингдерди жүргүзөт.

"Министрлер кабинетине өткөрүлө турган бардык жыйындардын жүрүшүн иштеп чыгуу тапшырылды. Сентябрь айынын ортосуна чейин кандай учурда, кайсы тапшырмалардын негизинде жыйын уюштурулушу керек? Ага кимдер катышуусу зарыл? деген суроолордун негизинде өткөрүлчү жыйындын нормалары иштелип чыгат. Эң негизгиси ар бир өткөрүлгөн жыйындан натыйжа чыгуусу керек деген талап башкы орунга коюлган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
chika010596
2017-08-10 13:12:35
Биздеги болор-болбос митингдерди дагы жок кылыш керек, бирок биздикилер бээ баш. Баарыбир өз билгенинен калбаган өжөр калкпыз. Ошон үчүн дагы өнүкпөй келатабыз
-2
barsbegKG
2017-08-10 13:39:17
chika010596,Митингди жок кылуу үчүн ажобуз баш болуп сот, прокурорлор төш болуп адилеттүү болуусу кажет. Мейли саясий кысым көрсөтсө көрсөтсүн бирок. Бир аз болсо да иштөө керек. Президенти президенттей өкүмөтү өкүмөттөй болуп.
+3
Turadi
2017-08-10 14:48:32
Туура, бизде бир чон региондорго барса ошол жердеги мам. Кызматкерлерди, мугалимдерди кууп барышат. Алардын жумуштары калып жатабы эч киидин башы оорубайт. Болгону залды толтуруш керек.
+1
Ulan2601
2017-08-10 15:23:47
Президент деген ушундай иштесе экен!! суйлогон созу озун алып журуусу баары орду ордунда
+1
didu
2017-08-10 15:23:50
бизге ушундай президент Терек ыр жазып олтурбай
+1
AzKumFerDan
2017-08-10 19:34:42
Кудай буюрса жакшы адилеттүү приздент келет
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан